Быйылкы жылы мамлекеттин экономикадагы үлүшү
дароо 14%га кыскарды. Буга менчиктештирүүнүн ийгиликтүү чараларынын, анын
ичинде эки улуттук компаниянын акцияларын жайгаштыруунун аркасында жетишилди.
Жалпысынан 2019-жылдан бери мамлекеттин катышуусу менен 1000ге жакын уюм
менчиктештирилген. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаилов билдирди. Өкмөт башчы “АМАНАТ” фракциясынын
кеңейтилген жыйынында президенттин 2019-2022-жылдарга карата кайрылууларынын
аткарылышынын жүрүшү тууралуу баяндады. Маселен, мамлекет башчысы 2021-жылдын бештин айында кол койгон “Өнөр жай саясаты жөнүндө” жаңы
мыйзам кайра иштетүү өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүгө жол ачканын айтты. Бүгүнкү
күндө тармактын орточо өсүшү 4,5%га жетип,
өткөн жылы республикалык казынага түшкөн бардык кирешенин бештен бир бөлүгүн
түздү. Өндүрүштүк борборлорду чийки зат менен камсыздоо механизми ишке киргизилди. Отчеттук мезгилде аталган тармакта жалпы баасы 4,6 триллион теңге болгон
586 долбоор ишке кошулду. Өкмөт башчы ошондой эле
бизнести колдоого багытталган комплекстүү чараларга токтолду. Ал белгилегендей,
өлкөдө 2020-жылдан тарта кичи жана чакан бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий 2024-жылга чейин узартылды.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-министри:
-Чакан жана
орто бизнестин экономикадагы үлүшү 2019-жылга салыштырмалуу 31%дан 36,5%га
өстү. Иштеп жаткан чакан жана орто бизнестин субъекттеринин саны акыркы 1 жылда
27%га өсүп, 1,8 миллиондон ашты. Бул тармакта иштегендердин жалпы саны өткөн
жылы 18 пайызга өсүп, 4,1 миллион адамга жетти. Оң натыйжалар бизнес-коомчулук
менен бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугу
менен байланышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков