Казакстандын Президенти Түркмөнстандын Президенти менен жолугушту

Казакстандын Президенти Түркмөнстандын Президенти менен жолугушту

Казакстан менен Түркмөнстандын президенттери соода-экономикалык, энергетика, мунайгаз жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн республикабызга келген Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчы сапардын алкагында өлкөлөр ортосундагы көп пландуу өнөктөштүктү мындан ары илгерилетүү жагынан маанилүүлүгүн белгиледи. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Казак-түркмөн мамилелери ийгиликтүү өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине толук шайкеш келет. Биздин көп кырдуу мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөгө болгон колдоосу жана тынымсыз умтулуусу үчүн сиздерге ыраазычылык билдиргим келет. Мен айткандай, экономикалык кызматташтык жогору карай өнүгүп жатат. Өкмөттөр өз ара соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү үстүндө иштеп жатышат. Мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейм  

Өз кезегинде Түркмөнстандын лидери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн динамикалуу өнүгүүсүн баса белгиледи. 

Сердар Бердымухамедов, Түркмөнстандын Президенти: 

 

Түркмөнстан Казакстан менен кызматташууга чоң маани берет. Биздин өлкөлөр ортосунда активдүү саясий диалог жолго коюлган. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштар өнүгүүдө. Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, сизди Түркмөнстанда расмий сапар менен жана эл аралык форумга катышуу үчүн күтөбүз 

 Которгон: Илгиз Жамалбеков