Казакстан президенти Мальтанын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Жолугушууда ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелер Касым-Жомарт Токаев менен Уюмдун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борчтун жолугушуусунда талкууланды. Мамлекет башчы белгилегендей, коопсуздуктун учурдагы чакырыктарынын контекстинде ЕККУ аймактагы жана анын чегинен тышкары бардык үч өлчөм боюнча системалуу иштерди жүргүзүүдө. Ал Казакстандын ЕККУнун 2010-жылдагы саммитинин Астана декларациясында белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык тараптар менен тыгыз кызматташууга умтулуусун ырастады. Соңунда Касым-Жомарт Токаев Мальтанын Президентине жылуу каалоо-тилектерин айтып, эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков