Армения Президенти: Казакстан менен достук мамилеге кызыкдарбыз

Өткөн жылы Казакстан менен Армениянын ортосундагы товар жүгүртүү 23% өстү. Алдыда соода мамилелери күч алат. Мамлекеттер анын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Маселен, эки тараптын транспорт логистика жана деңиз жолдорун пайдалануусу чоң көрсөткүчтөргө жетишүүгө түрткү берет. Бул тууралуу Армениянын Президенти «Казинформ» агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Ошондой эле Ваагн Хачатурян Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуу учурунда дагы башка маанилүү маселелер талкуулангандыгын белгиледи.


Ваагн Хачатурян, Армения Республикасынын Президенти:


- Мисалы, логистика маселеси-орто коридорду Армения Республикасы менен, тагыраагы биздин аймак менен байланыштыруу. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат: товарлар Грузия, Армения, Иран, Түркмөнстан, Казакстан аркылуу чыгышка, Кытайга жана ал жактан да товарлар келет. Өкмөт өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилип, бул иш учурда уланууда.

Армениянын Президенти Казакстан менен ІТ жана жогорку технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну артыкчылыктуу багыттардын бири деп эсептейт. Ал суперкомпьютердин ишке кириши жана жаңы маалымат борборунун ачылышы сыяктуу аймактагы алгачкы өнөктөштүк жетишкендиктерин белгиледи. Мындан тышкары, Армения өлкөнүн билим берүү тармагындагы тажрыйбасына кызыкдар жана натыйжалуу практикаларды, методикаларды үйрөнүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков