Мамлекет башчы Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда Касым-Жомарт Токаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдоду. Президент Шавкат Мирзиёевдин эки өлкөнүн ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана союздук мамилелерди чыңдоого кошкон зор салымы үчүн жогору баасын билдирди. Мамлекет башчылары ошондой эле соода-экономикалык, транспорт-логистика, энергетика жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары тараптар аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков