Казакстан менен Түштүк Корея экономиканын чийки эмес тармагын өнүктүрүүдө
кызматташууну көздөөдө. Таңкы шүүдүрүм өлкөсү тармактагы жаңы технологиялык
чечимдерди колдонуу жаатында топтолгон тажрыйба менен бөлүшүүгө даяр. Бул
багытта тараптардын кызматташуусу башталды. KIGAM Корея геологиялык изилдөө
институту Казакстандын чыгышындагы геологиялык чалгындоо иштерине катышат.
Кореялык кесиптештердин колдоосу менен бүтүндөй тармактык кластерди түзүү гана
эмес, тоо-кен тармагынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу да
пландаштырылууда. Корея республикасынын Казакстандагы элчиси биргелешкен
пландар тууралуу айтып берди. Чжо Тэ-Ик,
эки өлкөнүн талдоочулары жана саясат таануучулары Астанада өнөктөштүктүн
келечегин талкуулашты. Серепчилердин айтымында, Казакстан Кореянын Борбор Азия
аймагындагы эң маанилүү соода өнөктөшү бойдон калууда. Эми Корея аймактагы
башка өлкөлөр менен да кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө. Буга келерки жылга
пландалган «Борбор Азия – Түштүк
Корея» саммити да өбөлгө
түзөрүн талдоочулар белгилешти.
Айдар Курмашев,
Президентке караштуу КСИИ Азия изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы:
- Казакстанда Түштүк Корея алдыңкы 5 инвестор өлкөнүн
катарына кирет. Анда негизги басым - инвестицияларды Казакстанга
Коммерциялык долбоорлор үчүн капиталдык салым катары гана эмес, Казакстандагы
адам капиталын өнүктүрүү үчүн жасалууда. Биз кесипкөй талдоону кабыл алышыбыз керек. Башкача айтканда, унаалар үчүн жаңы агрегаттарды чыгара
алышыбыз керек. Казакстан экономикасы үчүн мультипликативдик натыйжа болушу
үчүн.
Чжо Тэ-Ик, Корея Республикасынын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу
элчиси:
- Биздин өлкөлөрдүн экономикалары бири-бирин толуктап
турат десек болот. Мен биздин өлкөлөрдүн экономикалык мамилелеринде чоң
мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турам. Калыптанган маданий-гуманитардык мамилелерди
тайманбастык менен сонун деп атоого болот. Биздин өлкөнүн маданияты,
каада-салты көп жагынан окшош экендиги бизге түшүнүктүү. Казакстанда 120 миңден
ашуун этникалык корейлер жашайт. Алар ошондой эле биздин көп тараптуу
мамилелерибиздин өнүгүшүндө көпүрө болуп саналат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков