Премьер-Министр Казакстан Президентинин Акмола облусундагы тапшырмаларынын аткарылышын текшерди

Премьер-Министр Казакстан Президентинин Акмола облусундагы тапшырмаларынын аткарылышын текшерди

Казакстандын премьер-министри иш сапарынын алкагында Акмола облусундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Олжас Бектенов облустагы алдыңкы айыл чарба түзүмдөрүнүн биринде болуп, дыйкандар менен учурдагы маселелерди талкуулады. Бул ата мекендик жер семирткичтерди өндүрүүнү көбөйтүү, күйүүчү майды эсептөө стандарттарын жана субсидияларды жогорулатууну камтыйт. Министрлер кабинетинин башчысы акимчиликке, тиешелүү министрликтерге чарбаларды субсидия жана жеңилдетилген насыя түрүндө мамлекеттик колдоо чаралары менен максималдуу камтуу маселелерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Эми негизги милдет - белгиленген мөөнөттө себүү иштерин сапаттуу аткаруу деп белгиледи Премьер-Министр. Анткени өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жана экспорттук дарамети ушундан көз каранды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

– Өзүңүздөргө маалым болгондой, президент быйыл дыйкандарга максималдуу колдоо көрсөтүүнү тапшырган. Жыл башынан бери айдап-себүү өнөктүгүнө 580 миллиард теңге бөлүнсө, азыркы учурда 5% менен 400 миллиард теңге  каралган. Ошондой эле күйүүчү май боюнча да  жардамдар берилет. Тактап айтсак, жалпысынан 376 миң тонна бөлүндү. Азыркы тапта министр менен бирге кошумча 36 миң тонна күйүүчү май бөлүүнү карап жатабыз. Мамлекет тарабынан мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүгө аракет кылуудабыз.

Ошондой эле өкмөт башчы облустагы өндүрүш ишканаларын кыдырып чыкты. Алардын бири комбайн жана трактор чыгарууга адистешкен завод. Олжас Бектенов өлкөдө айыл чарба техникасын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Өкмөт буга жетишүү үчүн ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону, атап айтканда казакстандык жабдууларга субсидияларды көбөйтүүнү көздөп жатат.

Азамат Жакупов, KAZROST ENGINEERING LTD аткаруучу мүдүрү: 

– 2024-жылдын бугу айынын 1не карата биз 2 миң комбайн жана миң тракторду даярдап чыгардык. Биздин ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына миңге жакын комбайн жана тракторлорду түзөт.

Премьер-Министр облуста ата мекендик жылуулук изоляциялоочу материалдарды жана кирпичтерди чыгарган бир катар ийгиликтүү өндүрүш ишканаларында болду. Өлкодө алардын экспорттук дарамети бар жана өнүмдөрү чоң суроо-талапка ээ. Демек бул алардын көлөмүнүн жана кубаттуулугунун өсүп жаткандыгын көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков