Бурабай курорттук зонасында ЖИ технологиялары активдүү киргизилүүдө

Бурабай курорттук зонасында ЖИ технологиялары активдүү киргизилүүдө

Бурабай курорттук зонасында жасалма интеллект колдонула баштады. Жасалма интеллект кызматты жакшыртууга жардам берет, атап айтканда, видеокөзөмөл системалары аркылуу онлайн режиминде болуп жаткан окуяларды талдайт. «акылдуу» камералар Бурабай районунун полиция бөлүмүнүн Оперативдүү башкаруу борборуна жигердүү киргизилип жатат. Система Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин базалары менен интеграцияланган. Бул туристтер үчүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мерей Рамазанов, Акмола облусунун бурабай районунун акиминин орун басары:

- Биринчи кезекте, бул жоголгон адамдар. Биз аларды сырткы белгилери боюнча аныктай алабыз, башкача айтканда, сакалынын бар-жогу, жашы, жынысы, ошондой эле кийим-кечесинин сырткы белгилери боюнча. Бул жерде баары бирдиктүү системада турат. Биз жөн гана адамдын сырткы параметрлерин киргизебиз, ошондо ал автоматтык түрдө табат.

Жыл башынан бери Казакстандын бермети болгон Бурабайга миллиондон ашык саякатчы келди. Жыл сайын курортко Казакстандын ар кайсы аймактарынан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн туристтер келишет. Ал эми коноктордун санын дагы да көбөйтүү үчүн этнотуризмге басым жасалды.

Арай Садыков, Акмола облусунун бурабай районунун акими:

- Этнотуризм этномаданиятты түзгөн объекттерге барууну билдирет, башкача айтканда, бул сыр жасоо, кымыз жасоо, ат минүү. Биз муну келечек деп эсептейбиз, анткени азыр бизге туристтер келип, мейманканага жайгашып, жөө сейилдешет, ал эми биз кызыкчылыктардын артышын каалайбыз.

Гастрономиялык туризм да конокторду өзүнө тартат. Ал салттарды сактап калууга гана эмес, саякатчыларга өлкө менен таанышуунун жаңы форматын сунуштоого мүмкүндүк берет. Мисалы, Руслан Соколовдун сыр заводунда алар өндүрүштө болуп, даяр продукциянын 16 түрүнөн даам тата алышат. Айта кетсек, казакстандык сыр Европанын беделдүү чынактарында бир нече жолу эң мыкты деп табылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков