Казакстан ядролук энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы баскычын жарыялады

Казакстан ядролук энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы баскычын жарыялады

Казакстан Вена шаарындагы МАГАТЭнин 69-Башкы конференциясында өзөктүк энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы этабын жарыялады. Атомдук энергетика боюнча агенттиктин төрагасы Алмасадам Саткалиевдин айтымында, өлкө 2060-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү максат кылууда жана мында атомдук энергетика негизги орунду ээлейт.

Алмасадам Саткалиев, Атомдук энгергетика боюнча агенттиктин төрагасы:

- Казакстан Республикасында атомдук энергетиканы өнүктүрүү боюнча пландарыбызды Гросси мырза менен талкууладык. Гросси мырза биздин демилгелерибизди толугу менен колдоп, мамлекет башчысынын Казакстанда кеминде үч атомдук станция куруу боюнча демилгелерин жогору баалады, бул энергия булактарында оптималдуу тең салмактуулукту түзүп, кайра жанма жана казылып алынуучу энергия булактарын натыйжалуу пайдаланууну камсыздайт деп түшүндү.

МАГАТЭнин башкы мүдүрү Рафаэль Гросси Казакстандын демилгелерин колдоп, республиканын өзөктүк тармактагы көрүнүктүү жетишкендиктерин белгиледи. Ал эл аралык агенттик өлкөгө тынчтык атомдук энергетикасын өнүктүрүүнүн ар бир этабында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Рафаэль Гросси, МАГАТЭнин башкы мүдүрү:

- Сиздин өлкөңүз дүйнөлүк өзөктүк отун циклинин маанилүү бөлүгү болуп саналат, бул уран өндүрүүдөгү алдыңкы орундар менен гана эмес, ошондой эле алдыңкы чечимдерди киргизүү менен да шартталган. Дал ушул сиздин инженерлер менен конструкторлордун тапкычтыгы, чыгармачылыгы жана чеберчилиги ушундай тажрыйбалык чечимдерге алып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков