Казакстандык окуучулар сууну сактоо боюнча чечимдерди сунушташууда

Казакстандык окуучулар сууну сактоо боюнча чечимдерди сунушташууда

Казакстандык мектеп окуучулары суу ресурстарын сактоого жана өндүрүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду активдүү иштеп чыгууда. Маселен, Алматыдагы гимназиянын окуучусу Дана Кадырбек ичүүчү сууну абадан чыгара турган аппарат жасаган. Жашоо үчүн маанилүү нымдуулук заманбап наноматериалдарды колдонуу менен түздөн-түз атмосферадан чогултулат. Металл-органикалык каркастар деп аталган конструкциялар суу молекулаларын кармап, конденсациялап, электр тармагына туташпастан ичүүчү сууга айландырат. Аппарат күн энергиясын гана талап кылат. Келечекте автор долбоордун масштабын кеңейтип, аны сыноодон өткөрүүнү пландаштырууда.

Дана Кадырбек, №79 гимназиянын окуучусу:

– Мен наноматериалдарды синтездөө системасын иштеп жатам, бул аппараттын негизги компоненти болуп саналат. Аппарат толугу менен энергиядан көз карандысыз болгондуктан пайдалуу. Ал жалаң күндүн энергиясы менен иштейт жана эл аны менен ичүүчү таза суу алат.

Иштеп чыгуу БУУнун Венадагы штаб-кеңсесинде Cleantech Days 2026 форумунда көрсөтүлдү. Дана космостук технология боюнча ар кандай эл аралык сынактарда, ошондой эле АКШ, Индонезия жана Түштүк Кореяда өткөн сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. Мектеп окуучусу былтыр Суу чарба жана ирригация министрлиги менен өзүнүн ойлоп табуусун пилоттук түрдө ишке киргизүү боюнча меморандумга кол койгон.

Мекеме дагы астаналык студент Жангир Абуовдун долбоорун колдоого алды. Ал адамдын «суу изин» эсептөө үчүн интерактивдүү платформаны иштеп чыккан, ал жеке керектөөнүн анализин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет — үй чарбачылыгынын чыгашаларынан баштап, тамак-аш аркылуу кыйыр керектөөлөргө чейин. Бул маалыматтар андан кийин ресурстарды сактоо боюнча жекелештирилген сунуштарды түзүү үчүн колдонулат. Министрлик мындай демилгелер сууну үнөмдөө маданиятын жаштайынан тарбиялай турганын белгилейт. Бул багыттагы иштер өлкө боюнча билим берүү жана экологиялык программалардын алкагында жүргүзүлүүдө.

Жангир Абуов, №91 мектеп гимназиясынын окуучусу:

– Биринчи кезекте биздин максат жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Адамдар аң-сезимдүү болгондон кийин сууну үнөмдөй башташат. Бул биздин экинчи максатыбыз. Биз жөн гана аң-сезимдин чегинен чыгып, адамдардын жашоосуна жаңы адаттарды киргизүүнү жана алардын сууну аң-сезимдүү түрдө үнөмдөөсүн каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков