Казакстанда быйыл мамлекеттик символдор күнүнө карата 7 миң иш-чара өткөрүлдү

Казакстанда быйыл мамлекеттик символдор күнүнө карата 7 миң иш-чара өткөрүлдү

Мамлекеттүүлүктүн, эгемендүүлүктүн бир белгиси мамлекеттик символдор. Быйылкы жылы өлкө аймагында маанилүү майрамды белгилөө боюнча 7 миң иш-чара өткөрүлсө, анын 300үнүн масштабы кеңири. Бул күнү символдордун өзү эле эмес, алардын авторлорунун, негизги символдордун түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандардын ысымдары да даңазаланат. Алардын бири акын, жазуучу-публицист, символолог Ербол Шаймерденов. Тарыхка кайрыла турган болсок, 1992-жылдын башында жаңы мамлекеттик символикаларды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Президиумунун жарлыгы чыккан. Ага жараша атайын чыгармачылык комиссия түзүлдү. Анын курамына Салик Зиманов, Ербол Шаймерденов жана башка белгилүү инсандар кирген.

Куаныш Жиенбай, жазуучу:

-Символдор деген ажайып көрүнүш бар. Ошол символдордун башында туруп, Президенттин басма сөз катчысы менен болуп жүрүп, бардык символдорду, аны жашоого колдонулуусуна жана анын башка өлкөнүн символдоруна окшоттурбай, өзүбүздүн табиятыбызга, руханий жүзүбүзгө жарашкан символдорду калыптандыруу боюнча Ербол Шаймерденов чоң жарандык салымын кошту. Ошол символдорду айтып гана койбостон, алар тууралуу китеп жазды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков