ШКУ: Казакстандагы президенттик шайлоо тууралуу

ШКУ: Казакстандагы президенттик шайлоо тууралуу

ШКУнун миссиясы Казакстандын президентин шайлоону демократиялык жана ачык-айкын өттү деп тааныды. Бул тууралуу ШКУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, аталган уюмдун башкы катчысы Чжан Мин билдирди. Ал белгилегендей, өлкөдө бардык шайлоо процесси мыйзамдуу – эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Анын баамында, шайлоо участкалары добуш берүү процедурасын өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыз болгон, ал эми казакстандыктар бул жараянда абдан активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Жалпысынан Чжан Мин, өткөн президенттик шайлоолорго эл аралык байкоочулардын чакырылышы жана катышуусу республиканын ачык жана таза шайлоону камсыз кылууга болгон умтулуусун айгинелей турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюмунун байкоочулар миссиясынын алкагында жетинин айынын 17де Казакстанга ШКУга мүчө жети мамлекеттин 18 өкүлү келген. Добуш берүү учурунда алар борбордогу жана Акмола облусундагы 22 шайлоо участкасында болушту.

Чжан Мин, ШКУнун башкы катчысы:

Миссиянын бардык мүчөлөрү саясий объективдүүлүктүн, бейтараптуулуктун, адилеттүүлүктүн принциптерине таянып, шайлоо процессинин катышуучуларына карата кандайдыр бир терс пикирлерди жана артыкчылыктарды билдирүүдөн баш тартып, өз функцияларын өз алдынча ишке ашырышты. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү тартипке салынып, уюштурулду. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү эрежеге ылайык уюшкандыкта жүргүзүлдү. Баары тынч өттү. Шайлоонун бардык участкаларында байкоо жүргүзүүдө эч кандай тоскоолдуктарга туш болгон жокпуз. Казакстан тарап шайлоо учурунда байкоо жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон шарттарды түзүптүр. Бул шайлоонун ачык-айкындуулугунан кабар берет. Мыйзам бузуулар катталган жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков