27-ноябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен Орусия Президенти келет

27-ноябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен Орусия Президенти келет

Жетинин айынын 27де мамлекет башчынын чакыруусу менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Казакстанга мамлекеттик сапар менен келет. Эки өлкөнүн лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, видеоконференция аркылуу Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташуусунун XX форумуна катышары күтүлүүдө. Ал эми 28де Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун кезектеги сессиясы болот. Ага катышкан өлкөлөрдүн делегациялары аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат. Жыйында бир катар документтер кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков