Ясауи университетинин
юридикалык факультетинин окутуучулары Түркиянын Юстиция академиясында
квалификациясын жогорулатып, такшалмадан өтө алышат. Мындан тышкары, ЖОЖ бүгүн
кол коюлган меморандумдун алкагында Казакстандын укук коргоо органдарынын
академиясынын башка өнөктөштөрү менен да кызматташат. Тараптар Астанада
юристтердин эл аралык конгрессинин аянтчасында келишим түзүштү. Иш-чара академиянын
10 жылдыгына жана соттук-укуктук даярдыктын түрк тармагындагы Казакстандын
төрагалыгына арналды. Ага Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан жана
Казакстандын сот адилеттиги мектептеринин жана көзөмөлдөө органдарынын
жетекчилери, ошондой эле дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Тараптар
илим жана билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле ТМУ өлкөлөрүндөгү
трансулуттук коркунучтарга каршы турууда биргелешкен аракеттерди ишке ашырууну
талкуулашууда. Кеп кибер жана уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана терроризм
менен күрөшүү тууралуу болуп жатат.
Илесжон Кадыров, Өзбекстан укук коргоо академиясынын
каттоо кеңсеси борборунун башчысы:
- Бул конгресстин темасы бүгүнкү күндө абдан актуалдуу
болуп саналат. Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынын академиясы
менен Өзбекстан Республикасынын укук коргоо академиясынын тыгыз кызматташтыгы. Биз
мындай иш-чаралардын алкагында көп жолугуп турабыз, анын ичинде былтыр
Өзбекстанда Ташкентте да ушундай эле иш-чара өткөн.
Мадина Сариева, БУУнун баңги заттар боюнча
башкармалыгынын кеңсе башчысы:
- Бүгүн
Башкы прокуратуранын алдындагы укук коргоо органдарынын академиясы 10 жылдык
мааракесин белгилеп жатат. 10 жылдын ичинде академия ар кандай тармактардын
активдүү катышуучусу болуп калды. Бизде Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ
өлкөлөрү үчүн прокуратура жана сот органдарынын эл аралык-укуктук кызматташтык
тармагы бар, активдерди кайтарууну издөө маселелери боюнча тармак бар.
Казакстан жөн гана катышпастан, региондун башка өлкөлөрүндө жана региондон
тышкары ушул сыяктуу бөлүмдөр менен активдүү иш алып барууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

