Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Орусия Федерациясына мамлекеттик сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ага чейин Кремлдин Георгий залында мамлекет башчысын расмий тосуп алуу аземи болду. Президенттер расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштырышты, эки өлкөнүн улуттук гимндери жаңырды. Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдө Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөн гана сөз эмес, чындыгында өлкөлөрдүн кызматташтыгынын маңызы экенин баса белгиледи. Ал эми бардык пайда болгон маселелер өз чечимин табууда.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биз үчүн Орусия Федерациясына мамлекеттик сапар – бул, балким, ушул жылдын эң негизги окуясы. Кылдаттык менен даярдандык, министрликтер, мекемелер аралык консультацияларды өткөрдүк, анткени кызматташтыктын масштабы чынында эле уникалдуу. Орусия Федерациясы менен байланышпаган жана кызматташтыкты ишке ашырбаган бир дагы тармак жок.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


- Казакстан менен мамилебиз ырааттуу өнүгүп жатат. Биздин түпкү документтерибизде жазылгандарды иш жүзүндө да, турмуш да тастыктап турат. Казакстан менен Орусия – бири-бирине эң жакын өнөктөш, дос жана ишенимдүү союздаш. Бул конкреттүү иштер менен тастыкталууда.


Президенттер өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен кеңейтилген курамда мындан аркы өнөктөштүктүн чоо-жайын талкуулашты. Тараптар өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштар активдүү кеңейип жатканын белгилешти. Мисалы, ушул жылдын 9 айында товар жүгүртүү 20 миллиард долларды түздү. Эми тараптар сооданын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө Казакстан менен Орусия 175 ири биргелешкен долбоорду ишке ашырууда жана бул чек эмес, өз ара аракеттенүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн дарамет абдан жогору. Тараптар бизнести жүргүзүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүнү мындан ары да улантууга макулдашышты. Бул үчүн 2030-жылга чейинки экономикалык кызматташтыктын комплекстүү программасы кабыл алынды. Өнөктөштүк үчүн келечектүү тармактардын катарында энергетика да бар. Касым-Жомарт Токаев «Росатом» менен, анын ичинде биринчи АЭС куруу долбоору боюнча жемиштүү иштегенин белгиледи. Мындан тышкары, тараптар мунай, электр энергиясы жана газды казып алуу жана ташуу жаатында өнөктөштүктү бекемдөөгө макулдашышты.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Түндүк – Түштүк, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту, Аягөз – Бахты, Достык – Мойынты темир жол линиялары сыяктуу долбоорлордун мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу кеңейтүү боюнча макулдашышты. Чек арадагы логистикалык инфраструктураны жакшыртуунун, чек ара өткөрүү пункттарынын ишин өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. «Трансалтай диалогу» келечектүү демилгесин алдыга жылдыруу үчүн өз ара аракеттенүүнү улантууга ниеттенишет.


Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн олуттуу бөлүгүн билим берүү тармагы да ээлейт. Бүгүнкү күндө Казакстанда Орусиянын ЖОЖдорунун 9 филиалы ачылган, ал эми коңшу өлкөдө 60 миңден ашуун мекендеш билим алат. Маданий-гуманитардык кызматташтык да өнүгүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Казакстан менен Орусиянын мамилелерин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине көтөрүү жөнүндө декларацияга кол коюшту. Тараптар ошондой эле бир катар макулдашууларга анын ичинде Орусиянын Актау шаарында башкы консулдугун түзүү, "Союз-5" жана "Байтерек" комплексинин учуу сыноолорун өткөрүү боюнча мамлекеттер аралык комиссияны түзүүгө жетишти.


Которгон: Илгиз Жамалбеков