Экстремисттик аракеттерге катышкан адамдарга Казакстанга кирүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоорун бүгүн мажилис депутаттары кабыл алышты. Документ депутаттар тобу тарабынан миграция жана башка колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Андан сырткары балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө коюлат. Мыйзам долбоору өзгөчө кырдаалдарда колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен документтерди колдонуу маселелерин жөнгө салуу жана башка түзөтүүлөрдү камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков