Казакстанда кол өнөрчүлүк боюнча жаңы борбор ачуу сунушталууда

Казакстанда кол өнөрчүлүк боюнча жаңы борбор ачуу сунушталууда

Казакстанда Кол өнөрчүлүк борборун түзүү сунушталууда. Бул жер туристтерди кызыктыруучу жайга айланат деп күтүлүүдө. Анда ар бир адам байыркы көчмөн турмуштун каада-салттарын камтыган кол өнөрчүлүк буюмдарын сатып алып гана тим болбостон, аларды жасоо боюнча чебер сабактарына да катыша алышат. Мындан тышкары, аталган борбор кол өнөрчүлөрдү окутуп, алардын жөндөмүн жогорулатат.

Багила Бисембаева, Нур-Султан шаардык ишкерлер палатасынын ишкер аялдар кеңешигин төрагасы:

- Бул борбор кол өнөрчүлөр үчүн гана зарыл жана керектүү болбостон, туристтер үчүн, чет өлкөлүк делегациялар үчүн жана жалпы эле биздин борборго келген бардык коноктор үчүн кызыгууну жараткан борбор болуп калышы мүмкүн. Туристтер үчүн экскурсияларды уюштуруп, аларды улуттук маданиятыбыз менен тааныштырсак болот. Анткени кол өнөрчүлүк элибиздин маданий мурасы болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков