Шымкентте дары-дармек өндүрө турган жаңы завод ишке кирмекчи. Бул долбоорго Польша 39 млрд теңгеден ашык жеке инвестиция салууга даяр. Тиешелүү токтомго премьер-министр кол койду. Бөлүнгөн каражат завод курулушун жүргүзүүгө гана эмес, илимий изилдөөлөргө да багытталмакчы. Жаңы заводдо 38 түрдүү дары-дармек чыгарылат. Анын ичинде онкологиялык ооруларга каршы препараттар, жүрөк-кан тамыр ооруларына арналган дарылар, инфекциялык дарттар жана туберкулезге каршы өнүмдөр, ошондой эле өнөкөт илдеттерге керектүү дарылар бар. Завод 2029-жылдын аягына карай ишке берилүүгө тийиш.
Аслан Кинаятов, Фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү департаментинин мудүрү:
– Жалпысынан, фармацевтикалык өндүрүш тармагында 316 млрд 300 млн теңге суммасына 6 инвестициялык келишим түзүлдү, бул тармактын бара-бара өнүгүп жатканын, инвестициялык тартымдуулугун жогорулашын, өндүрүштү жергиликтүү жерде уюштуруу үчүн туруктуу базанын калыптанышын жана өлкөнүн дары-дармек коопсуздугунун чыңдалышын көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

