Казакстанда кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн жаңы санарип платформасы ишке кирди. Кесипкөй ээсинин деңгээлин жана жарамдуулугун бирдиктүү санариптик иш менен камсыз кылуу экосистемасынын компоненти болуп калган Career Enbek сайтынан билүүгө болот. Электрондук аянтча аркылуу катышуучулар мансап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматты эркин алып, Улуттук квалификация системасынын каражаттарын колдоно алышат. Анда кесиптер, билимге жана көндүмгө карата талаптар, кесиптик стандарттар жана кесиптердин тизмеси камтылган. Иштеп чыгуучулардын айтымында, бул интерфейсти колдонуу эч кандай көйгөй жаратпайт. Өз адистигиңе байланыштуу бардык маалыматты ушул жерден билүүгө болот.
Даулет Аргандыков, эмгек
ресурстарын өнүктүрүү борборунун президенти:
-Бул улуттук квалификациялык системанын бардык катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн санариптик система. Платформада баарына түшүнүктүү кызматтар сунуш кылынат. Бардык ченемдик укуктук актылар, негизги концептуалдык терминдер колдонулат. Ыңгайлуу чыпкалардын жардамы менен сиз керектүү кесиптер, кесиптик стандарттар жана талаптар тууралуу толук маалыматты таба аласыз. Ошондой эле, билим берүү программаларынын реестри электрондук системага жайгаштырылган. Бул орто кесиптик жана жогорку окуу жайларына да тиешелүү.
Алдыда иштеп чыгуучулар Career Enbek платформасын
кеңейтүүнү жана модернизациялоону пландаштырууда. Ошентип, кесиптик
квалификацияны таануу борборлору атайын аккредитация, ал эми катталган
жумушсуздар болсо, сынакты акысыз тапшырып, такшалмасын биле алышат.
Даулет Аргандыков, эмгек ресурстарын өнүктүрүү
борборунун президенти:
-Каалаган адам, башкача айтканда, Казакстандын жараны кесиптик баалоо сынагынан өтө алат. Ал үчүн өзүнчө электрондук кабинет каралган. Кызмат ыктыярдуу болуп саналат. Бул жаңы система 25 борборду камтыйт. Жумушсуздарга ваучерлер караштырылган. Алар эмгек мобилдүүлүгү же карьералык борборлор аркылуу мамлекет тарабынан субсидияланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков