Казакстанда өткөн жылы 38 жаңы кен жайы ачылды. Өлкөдө геологиялык чалгындоонун көлөмү 2 миллион чарчы чакырымдан ашты. Бул жалпы аянттын 74 пайызын түзөт. 2026-жылга чейин бул иштердин көлөмүн 2 миллион 200 миң чарчы чакырымга жеткирүү мерчемделген. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн улуттук тизмесинде 8 миңге жакын пайдалуу кен жайлары катталган. Акыркы 30 жылдын ичинде эле 300дөн ашык жаңы кен жайлары ачылды. 15 чөкмө бассейн аныкталды. Алардын эң чоңу-Каспийдин жаны. Ага болгон кордун болжол менен 80 пайызы таандык. Дагы эле жер казынасын изилдөө менен тармакка инвестиция тартуу дарамети жогору. Белгилей кетсек, Геология күнүнө карата тармактын адистерине биринчи жолу «Казакстандын эмгек сиңирген геологу» ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле кесиптик майрамында тармак мыктылары менен ардагерлери ІІІ даражадагы «Курмет», «Еңбек Даңқы» ордендери жана «Ерен еңбегі» үчүн медалдары менен сыйланышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

