Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Грузиянын Поти шаарында мультимодалдык терминал курулат. Серепчилердин айтымында, бул өлкөгө тариф саясатын гана эмес, Азияны Европа менен байланыштырган Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча, жүк агымын да өз алдынча калыптандырууга мүмкүндүк берет. Поти портуна терминал куруу боюнча сүйлөшүүлөр бир жылдан бери жүрүп жатат. 8 гектар жерде жайгашкан объекттин кубаттуулугу жылына 80 миң контейнерге ылайыкталган. Долбоордун алдын ала баасы 10 миллион долларды түзөт.
Тимур Карабаев, РТС HOLDING башкарма төрагасы:
- Акыркы убакта бул соода коридорун өнүктүрүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда. Анткени, Казакстандан келген жүктөрдүн көлөмү жылдан жылга көбөйүүдө. Ага Кытайдан келген транзиттик жүктөрдүн агымы да кирет. Бул жүк Казакстандын аймагы аркылуу Кара деңиздин аймагына барат
Белгилей кетсек, порттун курулушун 2023-жылдын тогуздун айында бүтүрүү пландалууда. Долбоор ишке киргенде Кытай-Казакстан-Азербайжанды Каспий деңизи аркылуу байланыштырган Чыгыш-Батыш эл аралык транспорт коридору Грузия, Түркия жана дүйнө өлкөлөрүн туташтырган көпүрөгө айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков