Авиа жеткирүүлөрдүн баасы өстү

Авиа жеткирүүлөрдүн баасы өстү

Казакстанда авиакаттамдар кызматынын наркы бир жылда 27% жогорулады. Бул тууралуу Finprom.kz билдирди. Аналитикалык порталдын маалыматы боюнча, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын эң көп өсүшү Түркстан облусунда байкалган. Ал жерде авиабилеттердин баасы дээрлик 57% кымбаттады. Жамбыл облусунда баа 47% жогоруласа, алдыңкы үчтүктү Чыгыш Казакстан облусу толуктаган. Бул жерде авиабилеттердин баасы 44,5% жогору. Бирок тескерисинче, аба транспортунун баасы арзандаган аймактар ​​бар. Алар Акмола, Кызылорда, Павлодар облустары. Ошондой эле, серепчилердин баамында, тарифтердин өзгөрүшү жана көтөрүлүшү казакстандыктардын саякатына эч кандай таасирин тийгизген жок. 2022-жылдын биринчи жарымында 6 миллионго жакын жаран учак менен саякаттоону тандаган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 13% көп.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков