Казакстандан табылган байыркы тыйындар жана Абай Кунанбаев колдонгон домбранын көчүрмөсү Сеулда көргөзмөгө коюлду. Иш-чара Астана менен Сеулдун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Жалпысынан 100 түрдүү экспонат коомчулукка сунушталмакчы. Алардын арасында Алматынын тарыхынан кабар берген фото жана видео документтер бар. Түштүк мегаполисинин өткөнү менен бүгүнкүсүн ачып берген көргөзмө, 2023-жылдын бирдин айына чейин Кореянын баш калаасынын тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.
Гани Майлыбаев, Алматы шаарынын маданият башкармалыгынын башчысы:
Бул жерде көргөзмө уюштурсак, келерки жылы бизге келе турган болуп макулдаштык. Ошондуктан келерки жылы өз мамлекетибизде Алматынын төрүндө күтө турган болдук. Бул өз кезегинде эки өлкөнүн ортосунда шаарлар менен мамлекеттик достукту чыңдайт. Экономикалык гана эмес, маданий жактан да байланыштарды күчөтүүнү көздөп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков