Алматыда Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги
аскер техникасынын музейи ачык асман алдында пайда болот. Адистер уникалдуу
көргөзмөнү түзүүгө жигердүү киришти. Анын ачылышы бугу айынын 9да майрамдын
алдында пландалган. Экспозицияга 30га
жакын аскердик техника жана курал-жарактар кирет. Алардын арасында советтик
жана немец өндүрүштүн сейрек кездешүүчү үлгүлөрү көрсөтүлөт. Алардын бири
легендарлуу Т-34 танкы жана дивизиялык замбирек. Ал Панфилов дивизиясынын 8-гвардиялык
мотоаткычтар дивизиясына таандык болгон. Пулеметтор жана ташыгычтар Армия
үйүнүн аймагында жайгаштырылат. Ошондой эле, музейдин алкагында согуш тууралуу
тасмалар көрсөтүлө турган жайкы кинотеатрды ачуу көздөлгөн.
Алматбек Назаров, Алматы аскердик-тарых
музейинин кызматкери:
- Музейдин жаштар үчүн мааниси, тарбиясы көп.
Биз ошол мурастарды жаштарга жеткирип, ошол тарбияны көрсөтүп, тарыхты эч качан
унуттурбайбыз. Биздин негизги ишибиздин максаты ата-бабаларыбыздын эрдигин жаңы
муундарга, жаштарга жеткирүү.
Алуа Байкадамова, Алматы аскердик-тарых
музейинин мүдүрү:
- Бул аймак чектелүү болгондуктан, көлөмүнө туура келген экспонаттарды гана тандап алдык. Бул жактан баштасак, мында өткөрмө бекети, аркы жагы өчпөс от жайгашкан. Түбөлүк оттон жогору көтөрүлгөндө алты аскердик курал-жарак коюлган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

