Улуттук музей фондусуна тапшырылган өткөндүн кымбат баалуу эстеликтери Акмола жана Түндүк Казакстан облустарында жеке адамдардын колунда сакталып келген. Өткөн жылы музей окумуштуулары аталган аймактарга барып, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада 78 экспонат аныкталган. Мындан тышкары, өлкө боюнча материалдык эмес маданий мурастын 680ге жакын үлгүлөрү жыйналган. Учурда бул талаа экспедицияларынын натыйжасында ар бир аймакка тиешелүү илимий жыйнактар түзүлүүдө. Чыгармалар үч тилде жарык көрүп жатат. Кошумчалай кетсек, былтыр Өзбекстандагы этностордун руханий мурастары да изилденген.
Ардаби Маулет уулу, улуттук музейдин маданий мурастарды илимий-изилдөө институтунун бөлүм башчысы:
- Өзбекстан Республикасынын Наваи облусунун Тамды жана Үшкудык райондорунун этнографиялык баалуулуктарын жана руханий мурастарын чогултуп, илимий изилдөөлөрдү жүргүздүк. Натыйжада аткаруучулук жана этнографиялык багыттарда бир топ материалдар жыйналды. Андан сырткары биздин улуттук музейибизге ошол жактагы казактардын символу катары этнографиялык экспонаттар менен буюмдары алынып келинди. Биз алар менен алдыдагы убакытта сиздер менен бөлүшөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков