SILKWAY STAR калыстар тобу Астананын кооз жерлери менен таанышты

SILKWAY STAR калыстар тобу Астананын кооз жерлери менен таанышты

Silk Way Star долбоорунун тартуу иштери кызуу жүрүп жатат. Эл аралык вокалдык сынактын катышуучулары студияда иштеп жаткан учурда, калыстар тобу борбор калаанын негизги символдору менен таанышууда. Алар үчүн экскурсия уюштурулду. Албетте, ал конокторду өзгөчө таасирленткен «Байтерек» монументине баруу менен башталды. Көрүү аянтчасына чыгып, аларды шаардын уникалдуу архитектурасы таң калтырды, аны бул жерден алакандай көрүүгө болот. Ошондой эле делегация «Мәңгилик ел» триумфалдык аркасында, Астананын Ботаникалык багында, ЭКСПО шаарчасында жана ачык асман алдындагы космос музейинде болушту. Эскерте кетсек, Silk Way Star долбооруна 12 өлкөнүн вокалисттери катышууда. Биринчи эпизоддун премьерасы аяк оона айынын 20да «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынын жана сынакка катышкан өлкөлөрдүн каналдарынын эфиринде болот.

Ли Суа, SILK WAY STAR калысы/Түштүк Корея:

- Астананын заманбап имараттары, кооз, таза көчөлөрү мага абдан жакшы таасир калтырды. Бул шаар менин эсимде узакка сакталарына ишенем. Бул жерде салттуу элементтер менен заманбап архитектура гармониялуу айкалышкан. Silk Way Star долбооруна келсек: бул адамдар музыканын тилинде сүйлөшө турган аянтча деп эсептейм. Ошондуктан мен артисттерди чеберчилиги жана техникасы үчүн гана эмес, көрүүчүлөргө кандай таасир калтырганы үчүн да баалаганды жакшы көрөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков