Сахнада динчил, философ жана шоумен. Мунун баары казактын кылымда бир жаралчу – Абайы. Бул жолу ойчул колунда китеп, башында такыя, үстүндө чапан кийген жалпыга белгилүү образында эмес. Улуу ойчул түрдүү образга айланды. Спектаклде азыркы 45 кара сөздүн ичинен эң актуалдуу, бүгүнкү көрүүчүлөрдүн кабыл алуусуна жеңил болот дегендери тандалган. Алардын маани-маңызы терең. Болгону жеткирүү стили заманбап тилде. Борбор калаанын «Синтез» театры «Абай restart» спектаклин сунуштады. Чыгармачыл топ өнөр сүйүүчүлөр коомуна 2021-жылдан бери өзүнүн уникалдуу сахналык спектаклдери менен таанылып келет. Бүгүнкү күндө Жаш таланттар театрынын репертуардык корунда 10го жакын ата мекендик жана чет элдик классикалык чыгарма бар.
Мухтар Дүнгешов, «Синтез» театрынын көркөм жетекчиси:
- Биздики издөө-эксперименталдык багыт. Биз болушунча классикалык драматургия болсун, болбосо башка спектаклдерди өзгөчө бир форматта сахналаштырабыз. Жалпысынан биздин спектаклдерде көп жагынан өзгөрүүгө аракет кылабыз. Классикалык драматургияны бүгүнкү күн менен айкалыштырууга, башкача айтканда, синтезин табууга тырышабыз. Алдыдагы максатыбыз - бул театрды таанытуу, ал үчүн чет элдик режиссёрлорду чакырабыз. Кийинчерээк дагы кесипкөй актёрлорду алуу оюбузда бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков