Павлодарда этно туш кийиз белекке тартууланды

Павлодарда этно туш кийиз белекке тартууланды

Ноорузнааманын майрамдык он күндүгүндө Павлодарга кийизден жасалган беш метрлик панно тартууланды. Эл арасында аны Туш кийиз деп атайт. Чыдамкайлык менен эпчилдикти талап кылган оймо-чийме килемди даярдоого бир нече жума кетти, дешет уюштуруучулар. Туш кийизди  токууга чоңдор менен бирге жаштар да катышты. Ал эми аны бүтүндөй килем катары бириктирип тигүүгө окуучулардын салымы чоң болду. Ошондой эле, соңку жумуштарына шаар тургундары да жардам беришти. Туш кийизди даярдоо процесси улуттук аспаптар оркестринин коштоосунда өттү. Эми бул кол өнөрчүлүк эмгеги Нооруз майрамында уюштурулган иш-чараларда борбордук аянттын көркүн ачат. Белгилей кетсек, туш кийизде казактын улуттук салттары чагылдырылган.

 

Гүлнар Үйсинбаева, Кошумча билим берүү борборунун жетекчиси:

- Туш кийиз токуу идеясы бизге өткөн жылы келген. Башкысы жаш муундарга аны даярдоо процесси менен анда тартылган ар бир оймо-чийменин маани-маңызын, казак оюуларынын өзгөчөлүгүн түшүндүрүп, көрсөтүү максаты болду. Туш кийизге жаныбарлардын, канаттуулардын, чөптөрдүн, гүлдөрдүн оймо-чиймелерин түшүрө алдык. Аны «Жазгы маанай» деп атадык.

 

Арай Аннажарова, Кошумча билим берүү борборунун тарбиялануучусу:

- Мага өз колум менен улуттук буюмдарды жасаган жагат. Бүгүнкү майрамга карата мугалимдерибиз менен биргеликте кийизден туш кийиз жасадык. Бул кызыктуу процесс, улуттук колоритибиз кооз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков