Астанада Алтын Ордонун тарыхына арналган эл аралык симпозиум өтүп жатат. Казакстандын борборуна дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн белгилүү окумуштуулар, тарыхчылар, археологдор, түркологдор жана маданият таануучулар, ошондой эле абройлуу уюмдардын өкүлдөрү келишти. Симпозиумдун ачылышында Касым-Жомарт Токаев Алтын Ордонун тарыхы дүйнөлүк илимий коомчулук үчүн маанилүү тема бойдон кала берерин белгиледи. Казакстан үчүн болсо бул мезгил ата мекендик тарыхтын эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Президент Батыш менен Чыгышты бириктирген империяны объективдүү изилдөөгө, ошондой эле анын ар кандай цивилизациялардын өнүгүшүнө тийгизген таасирин кайрадан карап чыгууга чакырды. Ал изилдөөлөрдү үч негизги багытка топтоону сунуштады: Алтын Ордонун интеллектуалдык мурасы, экономикалык модели жана анын мамлекеттик башкаруу системасы, аны кийинчерээк Евразиянын көптөгөн мамлекеттери негиз катары алышкан.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жучулар Улуу талаа мамлекетинде 600 жылдан ашык бийлик жүргүзүшкөн, бул, мисалы, Хань же Габсбургдар сыяктуу династиялардын башкаруу узактыгына салыштырууга болот. Бул факт жучулар тарабынан түзүлгөн системанын мыйзамдуулугу жана жашоого жөндөмдүүлүгү тууралуу айтып турат, ал ар кандай этностордун жана диндердин гармониялуу жашоосун камсыз кылган. Алтын Ордодо талаа жана ислам укугунун гармониялуу системасы түзүлгөн. Коомдук тартиптин негизинде Чыңгызхандын жана андан да тереңде – Түрк каганатынын салттарына тамырлашкан укуктук маданият жаткан. Ошондой эле Курултай институту талаа демократиясынын уникалдуу үлгүсү болуп кызмат кылган.
Касым-Жомарт Токаев жалпы улуттук референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияда миң жылдык тарыхы бар Улуу талаанын мурасын сактоо ыйык милдет экени так белгиленгенин баса белгиледи. Анткени мамлекеттик ишмердүүлүктө өлкө Алтын Ордонун мураскери болуп саналат. Казакстанда биринчи адистештирилген илимий мекеме – Жучи Улусун изилдөө институту түзүлдү. Президент ошол эле учурда Алтын Ордо боюнча чет элдик адистерди тартуу менен масштабдуу басма долбоорун баштоо зарыл деп эсептейт. Адилеттүүлүккө, ачыктыкка, маданияттардын диалогуна негизделген талаа мамлекеттүүлүгүнүн каада-салттарын изилдөө бүткүл Борбордук Евразиянын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Чыныгы өнүгүү тарыхый тажрыйба келечекке умтулуу менен органикалык түрдө айкалышкан жерде гана мүмкүн. Алтын Ордонун татаал тарыхы жана анын тагдыры мамлекеттердин чыныгы күчү ар кандай маданияттарды жемиштүү гуманитардык жана саясий өнөктөштүктүн бирдиктүү системасына бириктирүү жөндөмүнө негизделгенин эсибизге салат.
Касым-Жомарт Токаев ЮНЕСКОнун колдоосу астында өткөрүлүп жаткан симпозиум Алтын Ордонун мурасынын дүйнөлүк тарыхый маанисин баса белгилей турганын айтып, уюштуруучулардын жетекчилигине өлкөнүн демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун мурдагы башкы мүдүрү Одрэ Азулеге «Кожа Ахмет Ясауи» орденин тапшырды. Мамлекет башчысы анын Казакстандын маданий баалуулуктарын, тарыхый эс тутумун жана интеллектуалдык мурасын сактоого, эл аралык деңгээлде таанууга кошкон салымын белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

