Казакстанда жүргүнчү поезддер паркы жаңы муундагы вагондор менен толукталды. Эл аралык каттамда «45» сериясындагы инновациялык моделдер иштей баштады. Алар Петропавловск шаарындагы жергиликтүү заводдо чыгарылган. Поезддин курамында жүрүүнүн жылмакайлыгын жогорулатуу үчүн пневматикалык асмасы бар 8 вагон, ошондой эле коррозияга туруктуу кузову бар. Купелерде жана плацкарттарда 300дөн ашык жүргүнчү бата алат. Өзгөчө муктаждыктары бар адамдар үчүн атайын орундар каралган. Вагондор коопсуздук жана ыңгайлуулук стандарттарына жооп берет. Климатты көзөмөлдөө, абаны дезинфекциялоо, жакшыртылган ызы-чуу изоляциясы, температураны жеке жөнгө салуу бар. Белгилей кетсек, өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташуучу составды масштабдуу түрдө жаңылоо жүрүп жатат. Быйыл 200гө жакын жаңы вагон сатып алуу, ал эми 2030-жылга чейин алардын дагы 800гө жакынын жаңылоо пландаштырылууда. Бул бүткүл парктын 90%га чейин алмаштырууга мүмкүндүк берет.
Дияр
Нусипкожанов, «Жүргүнчүлөрдү ташуу» АК башкармалыгынын төрагасы:
– Мамлекет
башчысынын тапшырмасы менен темир жол линияларын жана станцияларын масштабдуу
реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошону менен бирге, Улуттук ташуучу тарабынан
кыймылдуу курамды модернизациялоо жана жаңылоо процесси колго алынды. Акыркы 4
жылдын ичинде улуттук ташуучу тарабынан 436 жаңы вагон сатылып алынды. Ата мекендик
өндүрүүчү, ал бүгүнкү күндө ички багыттар боюнча ийгиликтүү каттап жатат.
Булар: «Павлодар – Түрксетан», «Павлодар – Алматы», «Кызылорда – Семей», «Маңгыстау
– Атырау» жана мамлекеттер аралык багыттар – булар: «Алматы – Саратов», «Алматы
– Новосибирск».
Артём Павлингер,
«Railways Systems KZ» ЖШСнин соода мүдүрү:
– Казакстанда
суроо-талап жогору. Азыр биз модернизацияланган вагонду иштеп жатабыз,
капиталдык оңдоо аралык басып өтүү 350 миң чакырым болот. Бул кадимки жарым
вагонго караганда эки эсе жогору. Андан ары биз инновациялык жарым вагондун
үстүндө иштеп жатабыз, ал биздин бардык коңшу өлкөлөрдүн аналогдору менен тең
эмес, алардан ашып түшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

