Сингапур - убакыттын сыноосунан өткөн ишенимдүү өнөктөш. Эки тараптуу соода жакында 2 миллиард доллардан ашат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев президент Тарман Шанмугаратнам менен жолугушууда билдирди. Казакстан эки тараптуу кызматташуунун жаңы этабын ачууга ниеттенүүдө. Өнөктөштүк өзгөчө энергетика, маанилүү чийки заттарды кайра иштетүү, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталат. Ошондой эле санариптик экономика, логистика жана окуу-агартуу сыяктуу тармактардын дарамети чоң. Өз кезегинде президент Тарман Шанмугаратнам эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасына жогору баа берди. Премьер-министр Лоуренс Вонг эки өлкөнүн экономикасынын бири-бирин толуктап турганына көңүл бурду. Анын айтымында, Сингапур АСЕАН өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүдө Казакстан үчүн хаб боло алат. Өз кезегинде Казакстан Сингапур менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошот.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаевдин Сингапурга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жалпысынан алты мамлекеттер аралык жана мекемелер аралык документке кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков