Түркмөнстандын алгачкы «акылдуу» шаары — Аркадагдын ачылгандыгынын үч
жылдыгы кеңири масштабдагы майрамдык иш-чаралар менен белгиленди. Мааракенин урматына бул жерде эл аралык форум жана элдик майрамдар
уюштурулду. Бүгүнкү күндө Аркадаг республиканын эң заманбап шаарларынын бири
болуп эсептелет, анда экологиялык таза транспорт, «акылдуу» унаа токтотуучу
жайлар, күн батареялары, шамал генераторлору, жогорку ылдамдыктагы интернет
жана 5G стандартындагы байланыш бар. Шаарды өнүктүрүү долбоору 2052-жылга чейин
уланат.
Уильям Лиф, ЕККУнун Түркмөнстандагы борборунун башчысы:
– Шаардын өнүгүшүн мен алты жылдан бери байкап
келем - ал курулуп, акырындык менен кеңейип жатканын көрүп жатам. Биринчи этап
аяктагандан кийин эле, бул жерде экинчиси башталып, иштер азыркыга чейин уланып
жатат. Бул чындап эле кооз жана заманбап шаар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

