Павлодар облусу – өлкөдө инвестиция тартуу темпи боюнча алдыңкы орундарда. Өткөн жылы аймактын экономикасына триллион теңгеден ашык каражат жумшалып, өсүү дээрлик 50% түздү. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевге облус акими Асаин Байханов билдирди. Аймакта өнөр жай динамикалуу өнүгүүдө: Павлодар облусу көмүрдүн жарымынан көбүн казып, өлкө боюнча электр энергиясынын 40% ашыгын жана феррокуймалардын 60%ын өндүрөт. Айыл чарба өнүмдөрүн дүңүнөн чыгаруу да 10% өстү. Облус өлкө аймактарынын арасында ным сактоочу сугаруу технологияларын колдонуу боюнча биринчи орунда турат. Президентке ошондой эле Иртыш дарыясы аркылуу жаңы көпүрө жана ГРЭС-3 куруу, жана «Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун өрөөнү» долбоорун ишке ашыруу боюнча анын тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.
Кызылорда облусунда 48 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда
Мамлекет башчысы Кызылорда облусунун акимин да кабыл алды. Аймактын өнүгүүсү тууралуу Мурат Ергешбаев баяндама жасады. Жакынкы үч жылда аймакта дээрлик 2 триллион теңгеге бааланган 48 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда, ал эми ушул жылы эле болжол менен 1 триллион теңгеге бааланган 14 ири объектинин курулушу башталат. Кызылорда шаарында көп тармактуу оорукана, перинаталдык борбор, жаңы драма театры жана заманбап китепкана курулуп жатат. Мындан тышкары, аймакта транспорттук инфраструктура модернизацияланууда. Мисалы, Кызылорда-Актөбе автожолун кеңейтүү боюнча долбоордун биринчи этабы ишке киргизилди - ал Батыш Европа-Батыш Кытай эл аралык транспорттук коридорунун бир бөлүгү болуп саналат. Жалпысынан аймакта ушул жылы 138 чакырым автожол жана көпүрөлөрдү оңдоо каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

