Пакистандын эң ири логистикалык компаниясы Казакстанга Инди океанына чыгууга жардамдашмакчы. Бул ата мекендик товарларды Түштүк Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын рынокторуна жетүүсүн камсыздайт. Бул тууралуу «Kazakh Invest» билдирди. Маалыматка ылайык, холдинг Казакстан-Пакистан багытындагы транспорттук-логистикалык коридорлорду каржылай алат. Тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстан, Ислам Республикасынын порттору аркылуу Инди океанына баруучу жолду түзөт. Азыркы тапта эки тарап инфраструктураны өнүктүрүү жаатында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын чек арасынан Карачи деңиз портуна чейин жеткирүү убактысы 11-12 күндү түзөт. Өз кезегинде пакистандык ишкерлер Казакстан аркылуу өткөн 13 эл аралык транспорт коридорунун аркасында Кытайга, ошондой эле ЕАЭБ жана Борбор Азия өлкөлөрүнө товарларын экспорттой алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков