Бул өнөр жайды, кызмат көрсөтүү чөйрөсүн калыбына келтирүүнүн жана ички суроо-талаптын өсүшүнүн эсебинен болот.
Нариман Маннапбеков, Азия Өнүктүрүү банкынын Казакстандагы кеңсесинин башчысы:
- Транспортту, сооданы, мейманкана бизнесин өнүктүрүү Европа менен Азиянын ортосундагы сооданын өсүшүнө көмөктөшүү менен шартталган. Биз чийки затка болгон күчтү тышкы суроо-талаптын шартында 2023-жылы өнөр жайдын 4,7% өсүүсүн болжолдоп жатабыз.Суроо-талап жагынан керектөөнүн өсүшү 2023-жылы 1,6% жана 2024-жылы 2,2%га чейин калыбына келет деп болжолдонууда. Анткени инфляциянын төмөндөшү реалдуу кирешелерди жана социалдык колдоо мамлекеттик чыгымдарды көбөйтөт.
Каржылык уюмдун аналитиктеринин божомолуна ылайык, ишкердик жигердүүлүктү колдоого жана өлкөгө инвестицияларды тартууга негизги экспорттук товарларга болгон баанын өсүшү да түрткү берет. Ошондой эле, серепчилердин божомолунда инфляция 2024-жылы акырындык менен 6 пайызга төмөндөшү күтүлөт. Казакстан өкмөтү тарабынан негизги азык-түлүк экспортуна коюлган чектөөлөр жана бензинге болгон бааны көзөмөлдөө - бул мыйзам ченемдүү жыйынтык дешет серепчилер. Эске салсак, Казакстан Азия Өнүктүрүү Банкы менен жигердүү кызматташып келет. 1994-жылдан бери өлкө 6 миллиард доллардан ашык насыяларды, гранттарды жана түрдүү долбоорлор үчүн техникалык жардамдарды алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков