Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов өкмөттүн жыйынында, алдыдагы жылдарга аткарыла турган иштердин негизги багыттарын белгиледи. Анын айтымында, алдыдагы 7 жылда президенттик шайлоо программасын сапаттуу ишке ашыруу негизги милдет болуп саналат. Министрлер кабинетинин күч-аракети социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган бардык стратегиялык документтерди, программаларды жана долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга багытталууга тийиш. Алар - экономиканы монополиядан чыгаруу, ишкердикти шыктандыруу жана жарандардын эмгек кирешелеринин өсүшү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларын жаңылоо, ошондой эле калктын жыргалчылыгын жогорулатуу. Мамлекеттик органдар менен мекемелер казакстандыктар үчүн бакубат жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө өзгөчө көңүл буруулары керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков