Чет мамлекеттерге чыгарылып кеткен капиталды кайтаруу боюнча комиссия түзүлдү

Чет мамлекеттерге чыгарылып кеткен капиталды кайтаруу боюнча комиссия түзүлдү

Казакстан чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен капиталды кайтаруу боюнча атайын комиссия түздү. Анын алкагында беш жумушчу топ иштейт. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында айтылды. Стимулдаштыруу чараларынын бирине ылайык, валюталык кирешенин 80% алмаштырылган учурда кайтарып берүүгө сунушталган кошумча нарк салыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кайтарылышы мүмкүн. Ал эми резидент эместерге дивиденддерди төлөөдө салык жеңилдиктери жоюлат. Ошондой эле Трансферттик бааны белгилөө жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик-укуктук актылар даяр. Премьер-министр комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштар президентке жөнөтүлөрүн билдирди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков