Казакстан Чыгыш багытында соода кызматташтыгын жандандырууда

Казакстан Чыгыш багытында соода кызматташтыгын жандандырууда

Казакстан менен Иран өз ара сооданын көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча иш-чаралардын планын камтыган долбоор агроөнөржай комлпекси, транспорт жана логистика, мунай жана газ тармактарында инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган 30 иш-чарадан турат. Азыр документтин долбоору иран тараптын кароосунда. Премьер-министрдин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө казакстандык өнүмдү сатуу үчүн жаңы рынокторду жана заманбап өндүрүштөрдү түзүү мүмкүнчүлүктөрүн ачкан мамлекеттер менен кызматташууну бекемдөөгө даяр. Бул багытта өкмөт Кытай Эл Республикасы менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө басым жасоодо. Металл иштетүү, электрондук коммерция, курулуш, жаңы материалдарды жана технологияларды өндүрүү тармагындагы негизги дүйнөлүк лидерлер Казакстан менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти. Буга кошумча тажрыйба, технология жана илимий иштеп чыгуулар менен алмашууга даяр. Белгилей кетсек, өкмөт Кытай Эл Республикасынын бизнес жетекчилеринин өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритмин жана биргелешкен келечектүү инвестициялык долбоорлордун жол картасын иштеп чыгууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков