Транзиттик жеткирүүлөрдүн көлөмү артып келүүдө

Транзиттик жеткирүүлөрдүн көлөмү артып келүүдө

Казакстан аркылуу транзиттик автотранспорттун көлөмү болжол менен 40% өстү. Өлкөнүн Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө аймагы аркылуу 5 миллион тонна жүк өткөн. Серепчилердин айтымында, Кытайдан келген транзит дароо 67%га өскөн. Башкача айтканда, Кытай Эл Республикасынан жеткирилген жүк агымы 1,5 миллион тоннадан бүгүнкү күндө 2,5 миллион тоннага чейин өстү. Бул жаңы темпти сактап, андан ары өркүндөтүү үчүн ата мекендик департамент биринчи кезекте Түркия, Орусия, Латвия жана Литва менен чет өлкөлүк уруксат кагаздарын электрондук форматка алмаштыруу маселесин карап жатат. Ошондой эле, транспорттук каттамдарды кеңейтүү пландалууда. Буга байланыштуу Португалия жана Дания менен жаңы өкмөттөр аралык келишимдер түзүлөт. Белгилей кетсек, мындай келишимдер дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсү менен бекитилген. Ал эми чет өлкөлүк уруксат документтерин алуу үчүн арыз берүү жараяны толугу менен автоматташтырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков