Паспорттун күчү рейтингинде Казакстан 53-орунга жайгашты. Ага жалпысынан 193 мамлекет катышты. Бул тууралуу finprom.kz маалымдады. Казак паспорту бар жарандар 39 өлкөгө визасыз бара алат, 52 өлкө кирген кезде виза алууга макулдашкан, ал эми 107 өлкө казак жарандары үчүн кирүү уруксатын талап кылат. Адистердин айтымында, дүйнөдөгү эң күчтүү паспорт Бириккен Араб Эмираттарынын жарандарына таандык. Аларга 18 өлкөгө гана виза керектелет. Экинчи орунда Швеция, үчүнчү орунда Германия. КМШ өлкөлөрү менен салыштырсак, Казакстандын паспорту Армения, Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын документтеринен күчтүүрөөк.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков