Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы артууда

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкты. Жалпы аракеттер менен чек ара, суу менен камсыз кылуу, миграция боюнча көп жылдык түйүндүк маселелер чечилүүдө. Региондук туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча да аракеттер жасалууда. Ошогдой эле соода тоскоолдуктары жоюлуп, транспорттук байланыштар кеңейтилүүдө.Мунун баары региондун мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги үзгүлтүксүз консультативдик жолугушуулардын жыйынтыгы, деп баса белгиледи Казакстандын Президенти. Белгилей кетсек, бүгүн Астанада Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин 6-саммити өттү.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

 

- Өткөн жылдарда консультативдик жолугушуулар региондун эл аралык субъективдүүлүгүн жана биримдигин, ошондой эле биздин замандын чакырыктарына биргелешип жооп берүүгө даяр экенибизди көрсөткөн натыйжалуу аянтчага айланды деп ишенимдүү айтууга болот. Борбордук Азия ар дайым уникалдуу цивилизацияларды тартуу борбору болуп келген жана жалпы дүйнөлүк прогрессте чоң роль ойногон. Бүгүнкү күндө ушул тарыхый жалпылыктын жана элдерибиздин акыл-эс жакындыгынын негизинде биз келечекке умтулган зор мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы катары Борбордук Азиянын жаңы көрүнүшүн чогуу калыптандырып жатабыз. 

 

Эми кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогоркудинамикасын сактоо абдан маанилүүБорбор Азия мындан ары да коопсуздуккызматташтык жанагүлдөп өнүгүү мейкиндиги бойдон калууга тийишДагы бир актуалдуу маселе катары Касым-ЖомартТокаев бекем экономикалык базаны түзүүнү атадыБул жерде байкалаарлык натыйжалар бар. Ошентип, аймак ичиндеги сооданын көлөмү 11 миллиард долларга жеттиАзыр милдет 15 миллиард аны алып келет.

 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

 

Биргелешкен ири инфраструктуралык жана транспорттук долбоорлор биздин өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнүн жаңы чекиттери болушу мүмкүн. Региондо мындай өз ара пайдалуу кызматташуунун жакшы мисалдары бар. Кеп Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСи, Тажикстандагы Рогун ГЭСи, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын газ долбоорлору, жаңы транспорттук коридорлорду куруу жана башка бир катар маанилүү долбоорлор жөнүндө болуп жатат. Чек арага чектеш аймактарда соода-логистикалык жана өнөр жай хабдарынын тармагын өнүктүрүү артыкчылыктуу болуп саналат.

 

Ошондой эле мамлекет башчы аймакта жаңыконсолидацияланган суу саясатын иштеп чыгуузарылдыгын баса белгиледиБул үчүн суу-энергетикалык консорциум түзүлүшү мүмкүнБелгилей кетсек, «Борбордук Азия бешилтигинин» башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгыбоюнча бир катар документтерге кол коюлдуАлардын арасында – «Борбордук Азия-2040» регионалдык кооперацияны өнүктүрүүконцепциясы жана 2027-жылга чейин региондуккызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасыбар.

 

КоторгонИлгиз Жамалбеков