Өкмөттө атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси талкууланды

Өкмөттө атомдук энергетиканы өнүктүрүү маселеси талкууланды

Казакстанда АЭСти курууда өлкө үчүн максималдуу экономикалык натыйжаны камсыз кылуу зарыл. Жеткирүүчүнү тандоодо өлкө ичиндеги баалуулукту жогорулатууга, өндүрүштү локалдаштырууга жана технологиялардын трансфертине өзгөчө көңүл буруу керек. Мындай тапшырмаларды Казакстандын Премьер-министри атомдук энергетиканы өнүктүрүү жана өзөктүк кластерди түзүү боюнча жыйында берди. Дараметтүү сатуучулар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу Олжас Бектенов Энергетика министрлиги тууралуу маалымдады. Мекемеде 2025-2031-жылдарга карата электр энергиясынын болжолдуу балансы айтылды. Белгилей кетсек, 2035-жылга чейин өлкөдө жаңы генерациясы 26,5 ГВт болгон кубаттуулук түзүмү каралган. Анын ичинде-жеке инвестициялардын жардамы менен иштеп жаткан электр станцияларын жаңылоонун эсебинен. Ошондой эле, жолугушууда атом илимин өнүктүрүү жана тармактык адистерди даярдоо боюнча билим берүү программаларынын келечеги талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков