Акмола облусунун өнүгүшү жөнүндө казакстандын президентине баяндалды

Акмола облусунун өнүгүшү жөнүндө казакстандын президентине баяндалды

Акмола облусу өлкөнүн агрардык секторунун лидери позициясын бекемдөөнү көздөөдө. Аймакта жогорку рентабелдүү өсүмдүктөрдүн, анын ичинде май өсүмдүктөрүнүн аянттары 2,5 эсеге көбөйтүлдү. Бул жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышын 1,2 триллион теңге деңгээлинде камсыз кылуу пландаштырылууда. Акмола облусунун биринчи жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана өнүгүү келечеги тууралуу мамлекет башчысына бүгүн аким Марат Ахметжанов баяндама жасады. Казакстандын президентине инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу да маалымат берилди. Мисалы, аймакта республикалык маанидеги AQMOLA индустриалдык зонасы түзүлүп, 4 миллиард доллардан ашык инвестициялык портфель түзүлдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев уюшкан түрдө түшүм жыйноо кампаниясын өткөрүү, ошондой эле аймактын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Назира Бегалиева