Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын ишин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө, эл жана жарандык коом институттары менен туруктуу байланышка катыштуу жаңы идеялардын зарылдыгын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, министрликтин жаңы жетекчиси Ержан Саденовду тааныштырды. Президент кызматташуунун өз ара натыйжалуу жолдорун сунуштап, кызматтык полицияны өнүктүрүү ишин улантууну тапшырды. Бул тургундарга мыйзам бузууларга таптакыр чыдамкайлык принцибинин сакталышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле жашы жете электердин укуктарын коргоо системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгына көңүл бурду. Мамлекет башчысы Ички иштер министрлигинин кеңейтилген коллегиясында бардык жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков