Өкмөт Конституцияны түшүндүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитти

Өкмөт Конституцияны түшүндүрүү боюнча иш-чаралар планын бекитти

Казакстан Өкмөтү жалган куран айынын 15де республикалык референдумда кабыл алынган Конституцияны түшүндүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Токтомго Премьер-министр Олжас Бектенов кол койду. Документ казакстандыктардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана мыйзамдык чараларды ишке ашырууга багытталган. План үч багыт боюнча 36 иш-чараны камтыйт. Булар уюштуруу чаралары, маалыматтык-түшүндүрүү иштери жана өлкөнүн Баш мыйзамын ишке ашырууну укуктук жактан камсыздоо. Анын алкагында Конституциянын тексти бардык форматта, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган жана электрондук платформаларда таратылат. Окутуучу семинарлар, мектеп жана ЖОЖдордун программаларынын мазмунун жаңыртуу, «Конституциянын негиздери» менен «Мыйзам жана тартип» курстарын иштеп чыгуу пландаштырылган, ошондой эле комплекстүү медиаплан түзүлөт. Мындан тышкары, колдонуудагы мыйзамдар жана ченемдик актылар талданып, стратегиялар жана концепциялар актуалдаштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков