Казакстандын Президенти макроэкономикалык туруктуулук маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Казакстандын Президенти макроэкономикалык туруктуулук маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Казакстандын президенти макроэкономикалык туруктуулук маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Анда жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу жана инфляция деңгээлин төмөндөтүү чаралары каралды. Касым-Жомарт Токаев элдин кирешесин жакшыртууда сандан сапаттык көрсөткүчкө өтүүнүн маанилүү экенин белгиледи. Президент экономиканы туруктуу өнүктүрүү үчүн бардык жооптуу мамлекеттик органдардын системалуу иштеши керектигин айтты. Кеңешмеге премьер-министр, президенттин администрациясынын жетекчилиги, Улуттук банктын төрагасы, бир катар агенттиктин жетекчилери жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков