К.Токаев тышкы иштер министринин жаңы дайындалган башчысына тапшырма берди

К.Токаев тышкы иштер министринин жаңы дайындалган башчысына тапшырма берди

Казакстандын президенти жаңы дайындалган тышкы иштер министри Ермек Кошербаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы тең салмактуу тышкы саясатты чыңдоо, эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды активдүү илгерилетүү, инвестициялык кызматташтыкты күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле президент чет өлкөлөрдөгү казакстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков