Парламент жылдын соңку жыйынында бир катар мыйзамдарды кабыл алды

Парламент жылдын соңку жыйынында бир катар мыйзамдарды кабыл алды

Мамлекет башчынын сөзүнөн кийин Сенаттын депутаттары дароо конкреттүү ишке өттү. Эл өкүлдөрү өлкө башчысынын экономикалык жана социалдык багытты өнүктүрүү боюнча берген тапшырмалары боюнча бир катар мыйзамдарды карап чыгышты. Кененирээк кабарчынын материалында.

Эми 5 миллион теңгеге чейин карызы бар жарандар мунапыс ала алышат. Бүгүн Сенат тиешелүү мыйзамды кабыл алды. Документке ылайык, жеке жактардын банкроттугун  жөнгө салуунун үч түрү киргизилет. 5 миллион теңгеден ашык карызы бар жарандар соттун чечимине кайрыла алышат. Болгону, мындай учурда мүлк конфискацияланып, сатыкка коюлат. Деген менен жаңы мыйзамдын максаты карызга батып, анан мамлекетке таянгандардын санын көбөйтүү эмес, тескерисинче аны азайтуу.

Ержан Биржанов, каржы вице-министри:

- Эгерде жарандар карызкордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруудан качуу максатында банкроттук жөнүндө арыз менен атайылап  кайрылса, жоопкерчилик каралган. Эгерде банкроттуктан тышкаркы тартипте төлөм жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүнүн жана соттун банкроттугунун алкагында жалган маалымат берген же мүлкүн жашырган учурда да администрациялык жаза колдонулат. Мындан тышкары, соттун банкроттук жана төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун бузгандыгы үчүн каржылык башкаруучулар да жоопкерчиликке тартылат.

Ошондой эле, Парламент казак итинин породаларын коргоого багытталган мыйзамды кабыл алды. Башкача айтканда, Казакстанда жети казынанын бири болгон кумай тайганынын породасын сактап, көбөйтүү боюнча ыйгарым укуктуу орган түзүлөт. Борбордун компетенциясына бул асыл жаныбарлардын атайын китебин жүргүзүү, канынын тазалыгын талдоо жана породалык стандарттарды иштеп чыгуу сыяктуу милдеттер кирет.

Елдос Абаканов, Парламент мажилисинин депутаты:

- Ошондой эле, мыйзам долбоорунда Казакстан Республикасынын илимий уюмдары жүзөгө ашыра турган казак ит породаларын сактоо жана аларды көбөйтүү тармагындагы илимий изилдөөлөр боюнча жобо көздөлгөн. Илимий уюмдар ыйгарым укуктуу орган, улуттук борбор, ошондой эле кинологиялык ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелер менен бирдикте казак итинин породаларын сактоо жана көбөйтүү жагында мамлекеттик илимий-техникалык программаларды иштеп чыгышат.

Мындан тышкары, экологиялык мыйзам бузууларды жана коррупцияны алдын алуу, жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамдар кабыл алынып, мамлекет башчысына кол коюуга жөнөтүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков