ШКУнун Астанадагы саммити Беларусту уюмга мүчөлүккө кабыл алуу менен башталды. Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев Александр Лукашенкону куттуктады. Ал Беларус Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу катышуу үчүн бардык процедураларды кыска мөөнөттө аяктаганын белгиледи. Ошентип Астанадагы саммит толук кандуу Шанхай ондугу форматында ишин баштады. Эске сала кетсек, буга чейин Александр Лукашенко расмий Минск ШКУнун демилгелерине кызыкдар экенин жана өлкө акырындап мүчөлүккө умтулуп жатканын билдирген. Серепчилердин айтымында, уюмдун кеңейиши жана алп мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу болуп көрбөгөндөй көрүнүш жана Казакстандын эл аралык аренадагы аброюн бекемдейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков