Ата мекендик бизнести мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз кийлигишүүсүнөн коргоо. Парламент Мажилисинин депутаттары рейдге каршы чараларды күчөтүү жана ишкердик кызматты коргоо боюнча тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды. Төмөнкү палатанын өкүлү Дмитрий Колоданын айтымында, документти депутаттар тобу Мамлекет башчысынын буга байланыштуу жүктөгөн тапшырмасынын негизинде иштеп чыккан. Ошентип, өлкөнүн Кылмыш-процессуалдык кодексине ишкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү боюнча арыздарды кароонун мөөнөтүн узартуу сыяктуу бир катар түзөтүүлөр киргизилди. Депутаттар мыйзам жарандардын укуктарын коргоого негиз болот деп ишенишет. Ошондой эле, бизнести өнүктүрүүдөгү административдик тоскоолдуктарды жоюп, сот процесстеринде мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоонун натыйжалуулугун жогорулатат. Буга кошумча, өлкөдө баалуу буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чараларын күчөтүү көздөлүүдө.
Дмитрий Колода, Казакстандын Парламенти Мажилисинин депутаты:
- Колдонуудагы кылмыш мыйзамында баалуу металлдарды жана баалуу таштарды, курамында баалуу металлдар бар чийки зат товарларын, ошондой эле, зер буюмдарды жана ага салым кошкон адамдарга карата мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган өзүнчө берене каралган эмес. Мисалы, баалуу металлдарды жана асыл таштарды мыйзамсыз казып алуу үчүн өндүрүштүк жайларга мыйзамсыз киргендер кызматкерлердин ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирет. Анткени, мындай кылмыштарды жасаган жарандар көбүнчө өндүрүштүн технологиясын жана эрежелерин, коопсуздук чараларын эске алышпайт.
Депутаттын айтымында, аталган мыйзам долбоору коррупцияга каршы күрөшүү жана илимий лингвистикалык экспертизадан өттү. Ошондой эле, Улуттук ишкерлер палатасынан жана Өкмөт тарабынан оң эксперттик корутунду алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков